Жума башында Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясынын курамына кирген бардык телеканалдардын редакторлоруна эфирде өлкөнү 27 жыл башкарган биринчи президент Ислам Каримовдун атын атоого тыюу салынды.

Тажикстандын Согди облусунун соту журналист Хайрулло Мирсаидовду 22-августта сот залынан анын ишин апелляциялык баскычта кароо учурунда бошотту.

Подмосковьеде курулушта иштеген 26 өзбекстандык мигрант ууланды. Бул тууралуу РИА Новости Москва облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме кылып жазды.

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда мектеп мугалимдеринен ноутбуктарды сатып алып, анда иштөөнү үйрөнүүнү талап кылышууда.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жол кырсыгына кабылып, «жеңил жарааты менен ооруканага жаткырылды». Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады.

Орусиянын Сахалин облусунун Поронайcк шаарында чатыры урап түшкөн имараттын алдында калган эки кыргызстандыктын тек-жайы аныкталды.

Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу 20-августта Түркиянын Ташкенттеги элчиси Ахмет Башар Шен Anadolu агенттигине берген маегинде билдирди.

Алматы облусунда Жунгар Алатауго экспедиция жасаган туристтерге кол салуу болду. Окуя тууралуу Kazakh Tourism улуттук компаниясы Фейсбуктагы расмий барагына жарыялады.

Фергана облусунда акушер-гинеколог жергиликтүү аткаминерлердин буйругу менен беш айлык боюнда бар 7-класстын окуучусуна май айында аборт жасаганы белгилүү болду.

13-августта Сенат депутаттары үйлөнүү үлпөт, той-аштарды жөнгө салуу боюнча облустук, райондук, шаардык кеңештерди түзүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Орусиянын Омск облусунда 500дөн ашуун адам “Ольховка” бажы бекетинде Казакстанга кире албай турат.

Сирияда 15тей аял жана бала Тажикстанга кетер күндү күтүүдө. Алар БУУнун качкындар лагерлеринде кармалышууда.

Сурхандарья облусунда 17 жаштагы кыз менен 20 жаштагы жигит поезддин алдына боюн ташташты.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чет өлкөлүк альпинисттерди алып бараткан МИ-8 тик учагы Ляхш (Жергетал) районунун аймагында аскага урунганын кабарлады.

Казакстан Каспий деңизинин аймагына америкалык аскер базаларын жайгаштырбайт. Бул тууралуу Орусиянын РИА Новости агенттигине Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди.

Өзбекстан Башкы прокуратурасынын алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү департаментинин кызматкерлери Самарканд облусунда абитуриенттерге сынак тапшырууда жардам берүү менен алектенип жүргөн адамдардын тобун кармашты.

Стамбулда миллиондогон жүргүнчүлөрдү кабыл алган "Ататүрк" аэропорту быйыл 31-октябрда жабылат. Ошол эле күнү шаардагы жаңы аэропорт ишке кирет. Алгачкы эл аралык каттам Азербайжанга жүргүзүлөөрү кабарланды.

Тажикстандын Билим берүү министрлигинин чечиминин негизинде, быйыл июлдан тарта өлкөдөгү балдар үйлөрүндө жетимдер гана калышы керек.

Кытай АКШнын антиирандык санкцияларына карабастан Иран менен экономикалык байланыштарын сактап калат.

Өзбекстандын 52 жараны мерт болгон Казакстандын Актөбө облусундагы автобус кырсыгы боюнча ишти кароо кийинкиге жылдырылды. Буга адвокаттардын сотту Актөбө шаарында өткөрүү өтүнүчү себеп болду.