Нью-Йоркто федералдык сот АКШ президенти Дональд Трампты жалган жалаа жабууга айыптаган порноактриса Сторми Дэниелстин арызын четке какты.

Ташкентте №2 ооруканада иштеген медайым Камола Абдуллаева күйөөгө тийүүдөн баш тартканы үчүн ур-токмокко кабылды. Бул тууралуу укук коргоочу Елена Урлаева билдирди.

Фейсбук биринчи жолу Орусияда колдонуучулардын маалыматтарын мыйзамсыз топтоп, иликтеп, андан соң аткаминерлерге жана буга кызыктар кишилерге берген ондогон аккаунттарды жапты.

7-октябрда Стамбулдун Аксарай кичи районунда Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн криминал төбөлдөрүнүн жыйыны болду. Анда Азербайжан криминал дүйнөсүнүн лидери, «Лоту Гули» деген каймана ат менен белгилүү Надир Салифов төрагалык кылды.

Тажикстандагы өзбек коомчулугу Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди келерки жылы Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына көрсөтүү боюнча кол топтой башташты.

Белгисиз адамдар казакстандык укук коргоочу Елена Семёнованын Павлодар шаарындагы үйүнө күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, өрттөөгө аракет кылышты.

Астанадагы Тынчтык жана ынтымак сарайында Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин съезди башталды. Талкууга алынган темалардын арасында экстремизм жана терроризмди жеңип чыгуу маселелери бар.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 9-октябрда ири француз компанияларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

2018-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси болуп 25 жаштагы ирактык Надия Мурад табылды.

Америкалык Washington Post гезитинин кабарчысы теги Сауд Аравиясынан болгон Жамил Кашыкчы 2-октябрь күнү Анкарадагы Сауд Аравиясынын элчилигине кирген бойдон чыккан эмес.

Кашкадарыя облусундагы Касан районунун башчысы Бахтияр Ражабов жергиликтүү ишкер Фазилат Нормурадованы элдин көзүнчө кемсинтип, сабады. 11-сентябрда ишкер президенттин көчмө кабылдамасына даттангысы келген. 

Наманган облусунун кеңешинин депутаты, Өзбекстан Либералдык-демократиялык партиясынын мүчөсү Олимжон Тухтаназаров 22-сентябрда жергиликтүү жашоочудан пара алып жаткан жеринен кармалды.

Иммунолог дарыгерлер – америкалык Жеймс Эллисон менен жапониялык Тасуку Хонжо Нобель сыйлыгынын медицина жана физиология тармагы боюнча жеңүүчүлөрү болуп табылды.

Сурхандарья облусунун 29 жаштагы жашоочусу 5-класста окуган кошунасын зордуктап өлтүрүү шеги менен кармалды.

Тажикстандын Лахш районунда (мурунку Жергетал) жол кырсыгынан жети этникалык кыргыз набыт болду. Алар Кошой айлында жашашкан.

Нью-Йорктун прокуратурасы Федералдык сотко документтерди жөнөтүп, АКШда бир нече адамды автоунаа менен тебелетип өлтүрүүгө айыпталган өзбекстандык Сайфулло Саиповду өлүм жазасына тартууну сунуштады.

Украинанын Жогорку соту Мамлекеттик миграция кызматын казакстандык журналист Жанара Ахметке качкын макамын берүүгө милдеттендирди.

Орусия президенти Владимир Путин 27-сентябрда КМШ өлкө башчыларынын саммитине катышуу жана бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн Душанбе шаарына келди.

Орусиянын президенти Владимир Путин 18-19-октябрь күндөрү расмий сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары өлкөнүн Тышкы соода министрлигине шилтеме кылып жазышты.

26-сентябрда Түркстан облусунун райондор аралык соту Абай айылында кичинекей баланын сексуалдык зомбулукка кабылышы боюнча козголгон кылмыш ишти карай баштады. Отурум жабык өтүүдө.