Белгисиз адамдар казакстандык укук коргоочу Елена Семёнованын Павлодар шаарындагы үйүнө күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, өрттөөгө аракет кылышты.

 

Белгисиз адамдар казакстандык укук коргоочу Елена Семёнованын Павлодар шаарындагы үйүнө күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, өрттөөгө аракет кылышты. Бул тууралуу ал өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды.


"Буга чейин болгон окуялардын бардыгын эске алып, бул мени коркутуу аракет болду деп эсептейм», — деди Семёнова Алматыда журналисттер менен жолукканда.

Укук коргоочунун үйүн өрттөө аракетине байланыштуу Павлодар шаарынын Серверный райондук ички иштер департаменти тергөө иштерин баштады.

 

8-октябрда Семёнова Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын (ПАСЕ) депутаттары менен жолугуу үчүн Европа өлкөлөрүнө баратканда аэропорттон кармалып, өлкөдөн чыгарбай коюшкан. Ага аэропортто берилген билдирүүдө Караганда облустук ички иштер департаментинин өтүнүчү менен анын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы жазылган.

 

Елена Семёнова быйыл 3-5-июль күндөрү Страсбургда Европа парламентинин мүчөлөрү менен жолугуп, Казакстан абактарындагы катаал шарттар тууралуу айткан.

 

Анда ал түрмөлөрдө катаал мамилелер менен катар зордуктоо, сабоо, кемсинтүү жана медициналык жардамдан баш тартуу өңдүү кыйноолор көрсөтүлө турганын билдирген. Караганда облустук Жаза-аткаруу департаментинин жетекчилиги Семёнованы «жалган маалыматтарды берүүгө» айыптап, 12-июлда ага каршы кылмыш иши козголгон. Андан соң укук коргоочунун Павлодардагы үйүндө тинтүү жүргөн.