Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сапарына карата Душанбе-Турсунзода унаа жолун бойлой соода кербени менен бараткан төөлөрдүн сөлөкөттөрү жасалды.

Иракта жетим калган 8 айлык Абдуллонун туугандары аны мекенине алып келүү өтүнүчү менен тажик бийлигине кайрылышты.

Астана шаарында 25-сентябрга караган түнү журналист Ирина Бекетова киши колдуу болуп каза тапты.

Тажикстан укук коргоо органдары «Хайр» футбол командасынын мурдагы оюнчусу Парвиз Турсуновдун экстрадициясын күтүшүүдө. Ал экстремизм айыбы менен эл аралык издөөгө алынып, Беларуста кармалган.

Актау шаардык сотунда “Телеграмдагы” билдирүүсүндө “бийликти басып алууну көздөгөн, Казакстандын конституциялык түзүлүшүн күчтөп өзгөртмөк болгон” деп айыпталган 38 жаштагы Айгүл Акбердиеванын иши боюнча сот башталды.

Астана администрациясы кызматтык унаадан баш тартып, такси менен жүрө баштады.

Казакстан Коргонуу жана аэрокосмос өндүрүш министрлиги Өзбекстан менен бирге спутник салууну пландоодо.

Быйыл январдан июнга чейин 10 миңге жакын өзбекстандык Орусиянын жарандыгын алган. Мындан тышкары 75 миңден ашык өзбек жараны Орусияда туруктуу жашап туруу укугуна ээ болгон.

19-сентябрда Багдад шаардык соту тогуз тажикстандык аялдын ар бирин 20 жылдан эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Алар «Ислам мамлекети» террордук тобуна мүчө болгон жана согушкерлерге турмушка чыккан деп айыпталган.

19-сентябрда аяктаган Эл аралык Алматы кинофестивалынын гран-присин Беларус, Орусия, Германия жана АКШ кинематографисттеринин «Хрусталь» тасмасы утуп алды. Тасмада Минсктин Веля аттуу жашоочусунун 1990-жылдардагы окуясы тууралуу баяндалат.

Бишкек, "Саясат. kg". 16-сентябрда Арнасай районунун прокурорунун орун басары достору менен жарыш уюштуруп, жыйынтыгында жол жээгинде турган 1993-жылкы сатуучуну сүзүп кеткен.

Күн мурун Өзбекстанда нандын баасын мамлекет тарабынан жөнгө салуу жоюлду. 15-сентябрдан баштап бир бөлкөнүн наркы эки эсе кымбаттап, 650 сумдан 1200 сумга (0,1 доллар) чейин жеткен.

Серпухов шаарында беш жашар тажик кызын өлтүрүүгө айыпталган Александр Семин психиатриалык экспертизага жөнөтүлдү. Бул тууралуу маркум Хувайда Тиллозоданын үй-бүлөсүнүн адвокаты билдирди.

Орусия калкынын саны  2018-жылдын январь-июль айларында 91 миң 900 кишиге кыскарган. Бул тууралуу Росстаттын “Орусиянын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө” журналында айтылат.

Тажикстанда мунай продукцияларын сатуу менен алектенген «Умед-88» компаниясынын ээси Ражабали Одинаев сот жараяны учурунда кош никеге турганы үчүн гана күнөөлүү экенин билдирди.

Журналистика жана массалык коммуникация университетинин ректору, Эл аралык пресс-клубдун башчысы Шерзод Кудратходжаев орус улутундагы аял менен чырдашкан учуру тартылган видео боюнча комментарий берди.

Жапониялык миллиардер, искусство коллекционери Юсаку Маэдзава 2023-жылы SpaceX компаниясынын Big Falcon Rocket ракета алып жүрүүчүсү менен Айга учуп бара турган алгачкы космостук турист болот.

Бишкек, "Саясат. kg". Казак башчылары элди түрк, түркмөн жана өзбек элинен үлгү алууга чакырышты. 

14-сентябрда Түркмөнстандын Дашөгүз облусундагы дүкөндүн алдында нанга кезекте турган адамдардын ортосунда жаңжал чыкты.

Актөбө шаарында өндүрүш базасында бензовоз жарылып, жергиликтүү ишкананын эки кызматкери оор абалда ооруканага жеткирилди.