Жума намаз маалында Өзбекстандын мечиттеринде имамдар өз жанын кыюу исламдагы эң чоң күнөөлөрдүн бири экендиги тууралуу баяндарды айта башташты. Мындай тапшырманы аларга өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комитеттен беришкен.

Түркмөнстандын түндүк облустарында эгин жыйноо планын аткара албаган дыйкандар мамлекетке карыз болуп, төлөөгө шарты жоктордун мүлктөрү конфискацияланууда.

Казакстан ички иштер министри Калмухамбет Касымов маркум спортчу Денис Тендин өлүмүнө шектелген кишилердин кармалышы боюнча кененирээк маалымат берди.

Фергана облусунун Алтыарык районундагы Полосон айылынын тургуну чакыруу менен барган тез жардам кызматынын дарыгерин катуу сабаган.

Казакстандын Башкы прокуратурасы Түркестан облусунун Абай районунда кичинекей баланын ыктымал зордукталышы боюнча тергөө иштери аяктагынын билдирди.

4-августта Москванын Черемушкин райондук соту метро вагонунда тажик мигрантына ок чыгарган 61 жаштагы Сергей Царёвду 10 жыл 3 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Индонезиянын Ломбок аралындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 140тан ашып, 200дөн ашык киши жаракат алды. Мерт болгондордун арасында чет өлкө жарандары жок.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Интернетте терроризмге чакырык таштоого жана социалдык түйүндөрдө террордук иштерди актоого карата жазаларды катаалдаштыруу боюнча Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

5-августтан тарта Орусия АКШнын бир катар товарларына карата импорттук алым киргизди.

Быйыл жыл соңуна чейин Душанбеде автобустарды жана жүк унааларын чогулта турган ишкана ачылат. Жаңы долбоор түркиялык ишканалар менен өнөктөштүктө ишке ашырылат.

«Ар.Рух.Хак» коомдук уюмунун жетекчиси Бахытжан Торегожина 25-июлда жергиликтүү укук коргоочулардын эксперттик кеңеши тарабынан кабыл алынган «казакстандык саясий туткундардын» жаңыланган тизмесин жарыялады.

Актөбөдө 2-август күнү мунай уурдоого айыпталган 26 кишиге карата сот өкүмү чыкты.

Журналисттерди коргоо эл аралык комитети (CJP) Борбордук Африка Республикасын, Орусияны жана БУУну Орхан Жемалдын, Алекандр Расторгуевдин жана Кирилл Радченконун өлүмүн кылдат иликтөөгө чакырды.

Орусияда полиция лифтте 29 жаштагы кызга асылды делген 35 жаштагы өзбекстандык жаранды кармады. Бул тууралуу “Москва” агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Алматы облусунун Жаркент шаарындагы сот кытай жараны, улуту казак Сайрагүл Сауытбайды чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн алты айга шарттуу кесип, бирок аны Казакстанда калтыруу тууралуу өкүм чыгарды.

“Иликтөөлөрдү башкаруу борбору” Африкада орусиялык журналисттердин өлтүрүлүшү боюнча өз иликтөөлөрүн баштады.

Тажикстан бийлиги калктуу конуштарда, ошондой эле шаарлар менен райондордун административдик борборлорунун негизги көчөлөрүндө курулган үйлөр беш кабаттан төмөн болбошу керек деген чечим кабыл алды.

85 киши түрдүү жаракаттарды алышкан.

Жамбыл облусунда жүк поездинин вагондору рельстен чыгып кетип, жүргүнчү поезддердин жолу бөгөлдү.

Түркиялык Нurriyet Daily News вебсайты “казак президенти Нурсултан Назарбаев кезектеги эс алуусун Бодрумда өткөрүп жатканы” тууралуу сүрөттөрдү жарыялады. Көп узабай бул сайт Казакстанда ачылбай калды.