Грузияда президенттике талапкерлердин бири дагы жеңишти камсыздай турган 50 пайыздан ашык добуш топтой алган жок. Бул тууралуу Грузия Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин 99 пайызы саналып бүткөндөн кийин билдирди.

Индонезияда Lion Air авиакомпаниясына таандык жүргүнчү ташыган Боинг 737 учагы кыйрады. Түрдүү маалыматтар боюнча анын бортунда 189 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү болгон.

Түркияда окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн деп айыпталган кыргызстандык 56 жаштагы мугалим 12 жылга эркинен ажыратылганын "Hürriyet" басылмасы маалымдады.

Тажикстанда жубайын мыкаачылык менен өлтүргөн Хамадони районунун тургуну Фаррух Халифаев 11 жылга соттолду. Аялдын туугандары сот өкүмүнө нааразы болуп, катаалыраак жаза талап кылышууда.

Наманган облусунун Чуст районунда тамакка ууланып эки киши набыт болду, дагы алтоо аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлтүрүлүшү боюнча иш тергелип бүттү. Бул тууралуу журналисттерге Казакстан ички иштер министри Калмуханбет Касымов билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп орус жана кытай чалгынчылары тарабынан тыңшалып жаткан айфон менен колдонуусун улантууда. Бул тууралуу New York Times гезити жазды.

Шаршембиге караган түнү "Урал аба жолдорунун" Москва-Душанбе каттамы менен учуп бараткан төрт жашар бала чарчап калды.

Шаршембиде Армениянын парламенти добуш берүүнүн биринчи турунда Никол Пашинянды премьер-министрлик кызматка шайлаган жок.

Белгисиз адамдар Хиллари жана Билл Клинтондордун Нью-Йорктогу үйүнө эки жардыруучу түзмөк жөнөтүшкөн. Аларды почтага келген каттарды иреттөө менен алектенген жумушчу таап алганын The New York Times басылмасы жазды.

Өзбекстанда унаа айдап баратып телефон менен сүйлөшкөндөр үчүн жаза күчөтүлдү. Юстиция министрлиги билдиргендей, тиешелүү өзгөртүүлөр Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске киргизилди.

19-октябрда жергиликтүү ички иштер органдарынын бөлүм башчысы Аброр Назаров Кокон шаарынын темир жол бекетинде кесиптеши тарабынан өлтүрүлгөн.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин Орусия жана Өзбекстан башчылары менен Сарыагаштагы бейформал жолугушуусу тууралуу Sputnik Kazakhstan агенттигинин жаңылыгы окурмандар үчүн бир нече убакытка жеткиликсиз болуп, тексти өзгөртүлгөндөн кийин кайра калыбына келтирилди.

Алматыда жергиликтүү телеканалдардын биринин  журналисти Айгерим Мусаеванын сөөгү табылды.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Сириядагы аскердик аракеттердин жыйынтыктары боюнча отчет берди. Анын айтымында, Сирияда “Ислам мамлекетинин” саясий максаттар үчүн куралданган мыйзамсыз топтору жок кылынды.

Бишкек, "Саясат. kg". Автоунаа шаардагы полиция башчысына таандык экени белгилүү болду. 

Шымкент шаарында колго түшүрүү маалынды каршылык көрсөткөн шектүүнүн бычагынан жаракат алган полиция кызматкери ооруканага жаткырылды.

Керч политехникалык коллежиндеги кол салуудан каза болгондордун саны 20 кишиге жетти. Бул тууралуу шаар администрациясы билдириди. Бардык маркумдардын тек-жайы аныкталды.

14-октябрдан 15-октябрга оогон түнү Москванын борборундагы Якиманка районунда Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун эстелиги пайда болду.

Армения премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.