Бишкек, "Саясат. kg". Автоунаа шаардагы полиция башчысына таандык экени белгилүү болду. 

 

 

Москвада 23 жаштагы кыргызстандык кыз жолду кесип өтүп баратканда машинеге сүзүлдү. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты. 

 

Маалыматка караганда, Россия ИИМинин баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы башкармалыгынын башчысы, генерал-майор Юрий Девяткин 18-октябрда жол кырсыгына кабылган. Шаардын борбордук көчөлөрүнүн биринде анын кызматтык автоунаасы гастербайтерди сүзүп кеткен. Жабырлануучу башынан жараат алып, ооруканага жеткирилген. 

 

Анда айтылгандай, кыргызстандык кыз досу менен жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белги коюлбаган жерден өтүп баратышкан. Эми жабырлануучуну жол кырсыгына айыптуу деп табышаары ыктымалдыгы да айтылууда.