Түркиялык TAV Airports Holding ишканасы Казакстандын Алматы шаарындагы эл аралык аба майдандын 100% акциясын сатып алды.

АКШнын президенти Дональд Трамп бейшембиде Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Орусиялык өзбек тектүү миллиардер Алишер Усманов Өзбекстанга сырдарыя облусундагы суу каптоодо жапа чеккендерге жана кырсыкты четтетүүгө $10 млн каражат берди.

Москва мэри Сергей Собянин коронавируска байланыштуу шаардагы чектөө чараларын 31-майга чейин узартты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини жаңы кызматка дайындады.

Кечээ, 7-майда Франциянын премьер-министри Эдуар Филипп кийинки жумадан баштап карантиндик чаралар жеңилдетиле турганын жарыялады.

Россиялык бизнесмен, миллиардер, «Спартак» футбол клубунун ээси Леонид Федун коронавирус инфекциясын жукурду.

Исландияда коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын 97%ы айыгып чыкканын «РИА Новости» басылмасы өлкөнүн өкмөтүнө шилтеме берүү менен жазды.

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 266 адамга жеткенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Беларус Тышкы иштер министрлиги Орусиянын “Биринчи канал” телеканалынын журналисттеринин аккредитациясын кайтарып алды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сардаба суу сактагычындагы кырсыкка күнөөлүүлөр ким экенине карабай жазаланарын 5-майдагы видео жыйында билдирди.

Интернет айдыңында Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы кызуу талкууланып жатат.

Британияда COVID-19 илдетинин курмандыктары 29 420 кишиге жетти.

Бир сутканын ичинде Россия Федерациясынын аймагында коронавирус аныкталган 95 адам көз жумду.

Бүгүн, 5-майда саат 10:00гө карата Казакстанда дагы 72 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Иран парламенти улуттук валютаны өзгөртүү тууралуу мыйзамды колдоп берди.

Тажикстандын бардык аймактарында коронавирус инфекциясы катталды.

Дүйнөнү каптаган жаңы коронавирус алгач былтыр декабрда Кытайдын Ухань шаарында катталган.

Бүгүн, 4-майда саат 12:40ка карата Казакстанда дагы 24 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Казакстанда коронавирус жуктурган 44 жаңы учур катталганын Tengrinews.kz. сайты маалымдады.