Бир сутканын ичинде Россия Федерациясынын аймагында коронавирус аныкталган 95 адам көз жумду.

Бул маалыматты коронавирус менен күрөшүү боюнча ыкчам штаб тараткан.

Бир сутканын ичинде Россияда 10 102 адам коронавирус жуктурганы аныкталган болчу. Муну менен бейтаптардын жалпы саны 155 370 адамга жетти. Алардын ичинен 1451 адам каза болуп, 19 865 бейтап айыккан.

Булак: Баракелде