№27 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп аткан адамга телефон киргизүүнү каалагандар, аны майонездин банкасына салышкан.

 

Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 3-июнда Түп айылынын М.Д. аттуу жашоочусу аталган колонияга А.уулу А.аттуу адамга тамак-аш киргизген. А.уулу А. экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүгү үчүн соттолгон.

 

 Колониянын кызматкерлери тамак-ашты текшерип атып, жарым литрлик банкадагы майонездин арасынан уюлдук телефон, заряддоочу жабдыкты жана эки сим-картаны табышкан.

 

 М.Д. түшүнүк кат жазгандан кийин, бошотулду.