Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Ош шаарында психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштын бети ачылды.

ИИМден билдиришкендей, жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон психотроптук заттарды дарыгердин тиешелүү рецептисиз мыйзамсыз сатып жүргөн 2001-жылы туулган Х.Ш.С. аттуу жаран кармалды.

Шектүүнүн жашаган жерине жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүү учурунда психотроптук таасирге ээ болгон «Р» жана «Т» аталышындагы дары-дармектер табылып, алынган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.