Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, ӨКМдин курамындагы Мониторинг жана божомолдоо департаменти жыл сайын республика аймагында изилдөө иштерин жүргүзүп, кооптуу жерлерди аныктап келет.
Министр белгилегендей, бул ар бир кооптуу тилке боюнча атайын китеп даярдалып, ал президентке жана өлкөдөгү бардык айыл өкмөт башчыларына жеткирилген. Бул китеп өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштеринде маанилүү курал болуп саналат.
“Эгерде ар бир жергиликтүү жетекчи өз аймагындагы кооптуу жерлерди билсе, мунун өзү эле жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу иши болуп эсептелет. Жаңы конуштарды пландоодо кайсы жерге курулуш жүргүзүүгө болорун же болбостугун ушул китептеги материалдар аркылуу аныктоого болот”, - деди Чыныбаев.
Ал ошондой эле учурда жарандар арыктарды куруп, курулмаларды кеңейтип, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багытында ӨКМ кызматкерлерине жардам берип жатышкандыгын маалымдады.
Кабар