Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 08.03.1951-жылы туулган Асыранкулов Бейшенбек аттуу жаран дайынсыз жоголгон катары изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Ал 2026-жылдын 10-январында, болжол менен саат 13:30 чамасында, Кант шаары, Р. Люксембург көчөсү, №22 дарегинде жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен жана ушул күнгө чейин анын жүргөн жери белгисиз.
Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.
Белгилери: бою - болжол менен 170–175 см; дене түзүлүшү - арык; бети- сүйрү; көздөрү - күрөң; чачы - ак чал; кээде эс тутумун жоготуп калат.
Кийген кийими: кара түстөгү бут кийим; кара классикалык шым; боз түстөгү костюм.
Урматтуу жарандар! Эгерде Асыранкулов Бейшенбектин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, Ысык-Ата РИИБге төмөнкү телефондор аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
0312 61-69-07, 0700 61-69-07.