Бишкек, "Саясат.kg". Ашып-ташкан энергиясын ошол эле коррупционерлерге каршы жумшаса гана? Элдин ырыскысын жеп-жуткандарды жемелеп, жеп дегендей.

Возможно, это изображение ребенок

Бирөөнүн ичип чычканы менен эмне ишиңер бар? Бирөөнүн абийирин ачпа. Мурдуңду тыкпа. Айыбын айтып талкуу кылба ж.б. у.с. “акылдуу” сөздөрдү жыбыратып жаздыңар анан.

Оюңарда Мирбек Атабековго укмуш колдоо жана коргоо көрсөтүп жатабыз деп ишенип.

А негизичи -  ушинтип жаап-жашырып, “мейли иче берсин”, “ичеби же чычабы ал өз иши”, “кийлигишпейли, кокуй”, - дей берип канча гана ырчы, обончу, актриса жана башка белгилүү чыгармачыл кыргыз таланттары аракка берилип өлүп-житип кетти?

Бул жагын эмнеге ойлонбойсуңар?

Илим Карыпбековго даба жок. 
Жеткен ушакчы болуп бүттү ал. 

Ашып-ташкан энергиясын ошол эле коррупционерлерге каршы жумшаса гана? Элдин ырыскысын жеп-жуткандарды жемелеп, жеп дегендей.

Айтаарым, Илим өз башы менен кетсин, аны силер уже оңдой албайсыңар …

Ал эми Мирбектин келечеги кең, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон бала! 

Айрым ушакчыларга  “капа” болуп эмне кереги бар?

Андан көрө жанагы арагын токтотсун кеч болуп кала электе.

Бөөдө кайгыра бербей, бактылуу өмүр сүрүп өз элине кызмат кыла берсин да.

Гүлмира Тыналиева, журналист