Печать
Категория: Шоу-бизнес
Просмотров: 18200

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Турнир Дүйнөлүк бий спорту федерациясынын колдоосу астында өттү.

Кыргызстандык бийчилер Германияда бал бийи боюнча дүйнө чемпиону болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Бий спорту федерациясынан билдирди.

Анда айтылгандай, жыл сайын өтүүчү турнир 6-7-июнда Германиянын Бремен шаарында өттү. Ага АКШ, Румыния, Франция, Италия, Польша, Португалия, Грузия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы жана Кыргызстан сыяктуу 30дан ашык өлкөнүн спортчулары катышты.

Турнир Дүйнөлүк бий спорту федерациясынын колдоосу астында өттү.

Кыргызстандык Владимир Вырлеев менен Мария Прошлецова латын программасы боюнча 65 жуптун ичинен дүйнө чемпиону наамына ээ болуп, биринчи орунду ээлешти.