Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы менен 244 адам аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында – 26
- Ош шаарында – 25
- Чүй облусунда – 8
- Ош облусунда – 62
- Талас облусунда – 2
- Нарын облусунда - 3
- Ысык-Көл облусунда – 6
- Жалал-Абад облусунда – 79
- Баткен облусунда - 33
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 47428 адамга жетти.
Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 140 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Жалпы айыгып чыккан адамдардын саны 43 418 адамды түздү.