Бишкек, "Саясат. kg". 3-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус жана пневмониянын жаңы 128 учуру катталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 22 адам;
- Ош шаарында 8 адам;
- Чүй облусунда 2 адам;
- Ош облусунда 33 адам;
- Нарын облусунда 2 адам;
- Ысык-Көл облусунда 6 адам;
- Жалал-Абад облусунда 17 адам;
- Баткен облусунда 38 адам.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдетине чалдыкандардын жалпы саны 47184 адамга жетти.