Бишкек, “Саясат.kg”. Акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 215 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 17
- Ош шаарында - 19
- Чүй облусунда – 23
- Ош облусунда - 41
- Талас облусунда - 1
- Нарын облусунда - 1
- Ысык-Көл облусунда – 10
- Жалал-Абад облусунда – 40
- Баткен облусунда - 63
Муну менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 47056 адамга жетти.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 154 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми жалпы айыгып чыккан адамдардын саны 43 137 адамды түздү.