Печать
Категория: СОVID-19

Бишкек, “Саясат.kg”.  Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 172 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди. 

Жаңы катталган учурлар: 

- Бишкек шаарында - 18

- Ош шаарында - 11

- Чүй облусунда – 11

- Ош облусунда - 21

- Талас облусунда - 1

- Ысык-Көл облусунда – 10

- Жалал-Абад облусунда – 23

- Баткен облусунда - 77

Муну менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 46841 адамга жетти. 

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 104 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Өлкө боюнча жалпы айыгып чыккан адамдардын  саны

42 983 адамды түздү.