Бишкек, “Саясат.kg”. Акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 147 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдиришти.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 19
- Ош шаарында - 13
- Чүй облусунда – 10
- Ош облусунда - 34
- Талас облусунда - 2
- Ысык-Көл облусунда – 11
- Жалал-Абад облусунда – 41
- Баткен облусунда - 17
Муну менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 46669 адамды түздү.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 118 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 42 879 адамга жетти.