Бишкек, “Саясат.kg”.  Акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 147 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам  штабынан билдиришти. 

Жаңы катталган учурлар: 

- Бишкек шаарында - 19

- Ош шаарында - 13

- Чүй облусунда – 10

- Ош облусунда - 34

- Талас облусунда - 2

- Ысык-Көл облусунда – 11

- Жалал-Абад облусунда – 41

- Баткен облусунда - 17

Муну менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 46669 адамды түздү. 

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 118 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды.  Ал эми айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 42 879 адамга жетти.