Печать
Категория: СОVID-19

Өзбекстанда акыркы бир суткада 476 адамдан коронавирус аныкталды.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, пандемия башталгандан бери коронавирус жуктургандардын жалпы саны 56 миң 354 адамга жетти. 52 миң 970 адам ооруканадан чыгарылды.

Соңку суткада COVID-19 жуктурган 5 бейтап каза болду. Өлкөдө коронавирустан жалпы 466 адам көз жумду.

Учурда өлкөнүн медициналык мекемелеринде 2918 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 587 адамдын абалы оор болсо, 261 адамдын абалы өтө оор.

Булак: Баракелде