Бишкек, "Саясат.kg". Акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 158 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 22
- Ош шаарында - 9
- Чүй облусунда – 12
- Ош облусунда - 22
- Талас облусунда - 2
- Нарын облусунда - 3
- Ысык-Көл облусунда – 11
- Жалал-Абад облусунда – 34
- Баткен облусунда - 43
Мунун менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 46090ду түздү.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 155 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Ушуну менен жалпы айыгып чыккан адамдардын саны 42 302 адамга жетти.