Бишкек, "Саясат.kg".  Акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 158 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам  штабынан билдирди. 

Жаңы катталган учурлар: 

- Бишкек шаарында - 22

- Ош шаарында - 9

- Чүй облусунда – 12

- Ош облусунда - 22

- Талас облусунда - 2

- Нарын облусунда - 3

- Ысык-Көл облусунда – 11

- Жалал-Абад облусунда – 34

- Баткен облусунда - 43

Мунун менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 46090ду түздү. 

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 155 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Ушуну менен жалпы айыгып чыккан адамдардын саны 42 302 адамга жетти.