Печать
Категория: СОVID-19

Бишкек, "Саясат. kg".  Кыргызстанда  сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 175 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдиришти. 

Жаңы катталган учурлар: 

- Бишкек шаарында - 18

- Ош шаарында – 22

- Чүй облусунда – 5

- Ош облусунда - 50

- Талас облусунда - 7

- Нарын облусунда – 3

- Ысык-Көл облусунда – 7

- Жалал-Абад облусунда – 22

- Баткен облусунда - 41

Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 45 932 атамга жетти.  

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 142 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Өлкө боюнча жалпы айыгып чыккан адамдардын  саны 42 147 адамды түздү.