Печать
Категория: СОVID-19

Бишкек, "Саясат.kg".  Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдети менен  88 адам  катталды

Акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясына 88 адам  кабылды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди. 

Жаңы катталган учурлар: 

- Бишкек шаарында - 9

- Ош шаарында - 1

- Чүй облусунда – 8

- Ош облусуна - 24

- Талас облусунда - 3

- Нарын облусунда - 1

- Ысык-Көл облусунда – 5

- Жалал-Абад облусунда – 8

- Баткен облусунда - 29

Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 45630 адамга жетти .  

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 108 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Бул илдеттен айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 41 904 адамды түздү .