Бишкек, "Саясат.kg". Сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 71 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 4
- Ош шаарында - 2
- Чүй облусунда – 8
- Ош облусунда - 17
- Талас облусунда - 2
- Ысык-Көл облусунда – 5
- Жалал-Абад облусунда – 13
- Баткен облусунда - 20
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 45542 адамга жетти.
Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 114 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми жалпы айыгып чыккан адамдардын саны 41 796 адамды түздү.