Бишкек, "Саясат. kg". Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы менен 55 адам катталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 8
- Ош шаарында - 1
- Чүй облусунда – 1
- Ош облусунда - 7
- Талас облусунда - 5
- Нарын облусунда - 2
- Ысык-Көл облусунда – 2
- Жалал-Абад облусунда – 4
- Баткен облусунда - 25
Муну менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 45471 адамга жетти.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 104 адам сакайып ооруканадан чыкты. Бул илдеттен айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 41 682 адамды түздү.