Республикалык штабдан кабарлашкандай, вакцина биринчи кезекте тобокел тобундагы бейтаптарга берилет.
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 15-сентябрда өткөн брифингде маалымдагандай, ведомство мезгилдик сасык тумоонун күч алышына даярдык көрүп, вакцинанын биринчи партиясын сатып алды.
«Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы эмдөөнүн 119,663 дозасынын биринчи партиясын сатып алган. Учурда сатылып алынган вакцина республиканын бардык аймактарына таратылууда, эмдөө 16-сентябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, бара-бара өлкөнүн бардык аймактарында башталат», — деди Абдикаримов.
Вакцинанын экинчи партиясы 21-сентябрдан кийин келери күтүлүүдө. Абдикаримовдун айтымында, 1-ноябрга чейин жалпысынан Кыргызстанга дагы 770 миң доза келет.
Республикалык штабдан кабарлашкандай, вакцина биринчи кезекте тобокел тобундагы бейтаптарга берилет.
«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча, вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорулары бар адамдарга, көп учурда оорулуу балдарга, кош бойлуу аялдарга, иммунитети төмөн жана 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга, балдар үйлөрүндөгү балдарга, карылар үйүндөгү адамдарга, интернаттардын балдарына, ошондой эле медициналык адистерине жүргүзүлөт», — деп маалымдашты штабдан.
Мындан тышкары министр бийлик COVID-19дун мүмкүндүү экинчи толкунуна даярданып жатканын белгиледи. Анын айтымында, ведомство бул үчүн бюджет түзүп, COVID-19га анализ жүргүзүү үчүн зарыл каражаттардын тизмесин даярдады.
Булак: "Майдан.kg" газетасы