Бишкек, “Саясат. kg”. Бүгүн, Кыргызстанда дагы 91 адам коронавирус жана пневмония менен катталды.
Бул тууралу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 9 адам;
- Чүй облусунда 6 адам;
- Ош облусунда 17 адам;
- Талас облусунда 1 адам;
- Нарын облусунда 1 адам;
- Ысык-Көл облусунда 15 адам;
- Жалал-Абад облусунда 12 адам;
- Баткен облусунда 30 адам.
Муну менен Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 45335 адамга жетти.