Бишкек, “Саясат. kg”. Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 91 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 7
- Ош шаарында - 3
- Чүй облусунда – 11
- Ош облусунда - 15
- Талас облусунда - 3
- Нарын облусунда - 2
- Ысык-Көл облусунда – 15
- Жалал-Абад облусунда – 15
- Баткен облусунда - 20
Муну менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 45244 адамга жетти.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 98 адам сакайып оорукадан чыкты. Ушуну менен айыгып чыккан бейтаптардын жалпы саны 41415 адамды түздү.