Бишкек, "Саясат. kg".   Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 81 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова  билдирди. 

Жаңы катталган учурлар: 

- Бишкек шаарында - 7

- Ош шаарында - 4

- Чүй облусунда – 8

- Ош облусунда - 22

- Талас облусунда - 3

- Нарын облусунда - 1

- Ысык-Көл облусунда – 8

- Жалал-Абад облусунда – 13

- Баткен облусунда - 15

Муну менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын  жалпы саны 45153 адамга жетти. 

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 107 адам сакайып чыкты. Жалпы айыгып чыккан бейтаптардын саны 41 317 адамды түздү.