Бишкек, "Саясат. kg". Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 73 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 11
- Ош шаарында – 3
- Чүй облусунда – 5
- Ош облусунда - 14
- Талас облусунда - 3
- Нарын облусунда – 1
- Ысык-Көл облусунда – 9
- Жалал-Абад облусунда – 9
- Баткен облусунда - 18
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 45072 адамга жетти.
Өлкө боюнча сутка ичинде COVID-19 илдетинен 107 бейтап сакайып чыкты. Ал эми айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 41 210 адамды түздү.