Бишкек, “Саясат. kg”. Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 47 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 8
- Ош шаарында - 2
- Чүй облусунда – 2
- Ош облусунда - 2
- Нарын облусунда - 1
- Ысык-Көл облусунда – 8
- Жалал-Абад облусунда – 10
- Баткен облусунда - 14.
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 44928 адамды түздү.
Ал эми сутка ичинде COVID-19 илдетинен 101 адам сакайып чыкты, пневмонияны эсепке алганда. Айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 41 023кө жетти.