Бишкек, "Саясат. kg". Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы менен 77 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 17
- Ош шаарында – 3
- Чүй облусунда – 5
- Ош облусунда - 9
- Талас облусунда - 1
- Нарын облусунда - 1
- Ысык-Көл облусунда – 9
- Жалал-Абад облусунда – 13
- Баткен облусунда - 19
Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 44761 адамга жетти.
Ал эми сутка ичинде коронавирус жана пневмония илдетинен 144 бейтап сакайып чыккан. COVID-19 инфекциясынан айыгып чыккандардын саны 40 631адамды түздү.