Бишкек, "Саясат. kg". Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы менен 77 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.   

Жаңы катталган учурлар: 

- Бишкек шаарында - 17

- Ош шаарында – 3

- Чүй облусунда – 5

- Ош облусунда - 9

- Талас облусунда - 1

- Нарын облусунда - 1

- Ысык-Көл облусунда – 9

- Жалал-Абад облусунда – 13

- Баткен облусунда - 19

Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны  44761 адамга жетти.

Ал эми сутка ичинде коронавирус жана  пневмония илдетинен 144 бейтап сакайып чыккан. COVID-19 инфекциясынан айыгып чыккандардын  саны 40 631адамды түздү.