Печать
Категория: СОVID-19

Өзбекстанда акыркы суткада дагы 749 адамдан коронавирус аныкталды.

Муну менен пандемия башталгандан бери жалпы 45 679 адамга коронавирус жуккан.

Бир күндө коронавирустун кесепетинен 7 адам көз жумду, деп билдирди өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги. Алардын ичинен үчөө Ташкент шаарында, төртөө Ташкент облусунда дарыланып жатышкан.

Учурда жалпы 42 555 адам айыкты. Бул жалпы сандын 93-94 пайызын түзөт.

Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары жана Санитардык-эпидемиологиялык камсыздоо агенттигинин директору Баходир Юсупалиев билдиргендей, учурда Өзбекстан коронавирустун экинчи толкунуна даярданып жатат.

Булак: Маралфм