Печать
Категория: СОVID-19

Бишкек, "Саясат. kg".  Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 71 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова  онлайн брифингде билдирди.   

Жаңы катталган учурлар: 

- Бишкек шаарында - 15

- Ош шаарында – 1

- Чүй облусунда  – 4

- Ош облусунда - 5

- Талас облусунда - 4

- Ысык-Көл облусунда – 8

- Жалал-Абад облусунда – 15

- Баткен облусунда - 19

Кыргызстанда  коронавирус жана пневмония инфекциясына чалдыккандардын  жалпы саны 44684 адамга жетти. 

Сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдетинен 151 адам сакайып, ооруканадан чыкты. COVID-19 инфекциясынан айыгып  чыккандардын  жалпы  саны 40 487 түздү.