Бишкек, "Саясат. kg". Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 71 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 15
- Ош шаарында – 1
- Чүй облусунда – 4
- Ош облусунда - 5
- Талас облусунда - 4
- Ысык-Көл облусунда – 8
- Жалал-Абад облусунда – 15
- Баткен облусунда - 19
Кыргызстанда коронавирус жана пневмония инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 44684 адамга жетти.
Сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдетинен 151 адам сакайып, ооруканадан чыкты. COVID-19 инфекциясынан айыгып чыккандардын жалпы саны 40 487 түздү.