Печать
Категория: СОVID-19

Бишкек, “Саясат. kg”.  Кыргызстанда 4-сентябрга карата коронавируска чалдыккан 92 жаңы учуру катталды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

Бишкек – 12
Ош – 2
Чүй облусу – 7
Ош облусу – 15
Талас облусу – 1
Нарын облусу – 6
Ысык-Көл облусу – 32
Жалал-Абад облусу – 3
Баткен облусу – 14

Бунун ичинен 33 адамда коронавирус аныкталса, 59 адам пневмонияга кабылган.

Кыргызстанда  коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны  44 миң 135 адамга жетти.