Бишкек, "САЯСАТ.KG". Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Бишкекте милиция кызматкери опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлады.

Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын февраль айынын аягында милиция кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, андан 5 миң доллар акча талап кылган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыйгарым укуктуу кызматкери Дж.М. кармалып, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.