Бишкек, "САЯСАТ.KG". Турсунбек Акун колунан жана башынан жаракат алган.

Укук коргоочу Турсунбек Акун борбор калаадагы мейманканалардын биринде Кыргызстан демократиялык кыймылынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада жаракат алды. Бул тууралуу жабырлануучунун социалдык тармактагы баракчасында жазылган.

Уюштуруучулардын айтымында, мейманкана кызматкерлери иш-чараны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып, жарыкты атайылап өчүрүшкөн.

«Мекеменин кызматкерлери эшикти силкип, натыйжада айнеги сынып, Турсунбек Акун колунан жана башынан жаракат алган. Биз бул жерге майрамдык маанайда тамак-аш тартуулап, көңүл ачалы деп келгенбиз. Зал алдын ала иретке келтирилип, тиешелүү төлөм төлөнүп, кофе-брейк менен расмий жолугушуу өткөрмөк болчубуз», — деп белгилешти алар.

Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатканын 24.kg агенттигине Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Окуянын чоо-жайы такталууда.

Булак: 24.kg