Улуу Жеңишке 80 жыл!
1941-жылы 22-июнь күнү таңга маал, фашисттик Германия тынч жаткан СССРге кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш башталат. Мекенди коргоо үчүн кан майданга жөнөп кетээрде 16 жаштагы бозулан кези болчу. Апаат төрт жылга жакын созулуп, совет эли немецтик канкорлорду талкалагандан кийин, бул киши ал талаадан 1947-жылы гана өз айылына кайтып келет. Көкүрөк толо медалдарды тагынып, жеңиш менен келген жоокерди ата-энеси алдынан тосуп чыккан эмес. Себеби, ал кишилер уулу кан майданда жүргөндө кайтыш болуп кетишкен эле. Тагдырдын оор сыноосуна “сынып” калбастан, тынчтык заманында да үзүрлүү эмгектерди жасаган. Бул макала согуш ардагери, милициянын капитаны, чекист, мектептин мугалими кызматтарын аркалаган, маркум КЫДЫРБАЙ ТАШИЕВ агайыбыз тууралуу болмокчу.
ДЗОТТУ ЖАРЫП КУБАНЫП, ДОСУН КӨМҮП КАЙГЫРЫП...
Өзүнүн атасынын өмүрү, согуштагы баяндап берген окуялары тууралуу уулу Калык мырза төмөнкүлөрдү айтып берди: “Атам, Кыдырбай Ташиев, 1924-жылы Сузак районуна караштуу Барпы айылында туулган. 1941-жылы 16 жашында Улуу Ата Мекендик согушка чакырылып, жөө аскерлер катарында баскынчыларга каршы салгылашып, Польшага чейин жеткен. Дене боюнун желкесине октор тийип, колдорунан жараат алып, госпиталдарда дарыланып чыккан экен. Бир жолу кыштын суук күндөрүндө, Польша мамлекетинде буларды немистер дзоттон атып, бир да советтик жоокерди өткөрбөй, бир далайын кырып салышат. Аларды артка сүрүп, алар орношуп алган дөңсөөнү ээлөө буйругун аткаруу үчүн, белден өйдө жааган кардын асты менен 25 аскер сойлоп барып, дзотко граната ыргытып, фашисттерди жок кылып, биротоло кууп чыгышат. Ошол эрдиктери үчүн бардыгы командирлерден алкыш, сыйлыктарды алышкан экен.
Кардын үстүндө кар жаап жатса деле, шинелдерибизди жамынып уктай берчүбүз дейт. Немистерге жакшы шарттар түзүлгөнүн, алардын позициясын ээлегенде байкачубуз. Душмандын тамак-аштары, кийим-кечектери өтө жакшы экен. Бизде андай шарттар жок, кээде ток, кээде ач калсак да, кейичү эмеспиз. Биздин аскерлердин бирден-бир тилегибиз бул: “фашисттерди жеңип, тыптыйпыл кылып, туулган жерибизге, бейпил турмушка кайтсак”- деген. Командирлер “кармайсыңар, кырасыңар, чегинбейсиңер” – десе болду, ал буйрук аткарылчу. Ошондой катаал тартип бар үчүн, биз фашисттерди жеңдик.
Штабда жазгыч “писарь”болоор эле. Ал бүт аскер курамын эсепке алчу. Өлгөндөр өзүнчө, жарадарлар өзүнчө, тирүүлөр өзүнчө күнүгө Борбордук штабка отчету жөнөтүлүп турчу. Анын негизинде, курман болгондордун үйлөрүнө “кара кагаздарды” жөнөтүшчү экен.
Атамдар ротасында Ош облусунун Совет (азыркы Кара-Кулжа) районунан бир кыргыз жигит экөө болгон экен. Польшанын бир шаарын бошотуудагы болгон катуу салгылашууда, ал кыргыз жоокер каза болуп калат. Жергиликтүү маанидеги согуш бүткөндөн кийин, аскерлердин өлгөндөрүн издөөгө тирүү калган аскерлерди жиберишчү экен. Мерт кеткендерди замбилге салып, ташып жүрүшсө, баягы кыргыз жигит өлүп жаткан болот. Аны көрүп, кайгырып, ыйлаганын айтчу. “Көмүп койгула” деп командирлери буйрушканда, “мусулманча эреже” менен көмүшүп, куран окушат. Атам ошол досун өз колу менен жерге койгонун эстегенде, “жеңишке аз калганда өлүп кете берди”, деп кейип калчу. Согуш талаасынан үйүнө каттарды жазчу экен. Алардын баары жоголуп кетти”,- деп айтып олтурду.
ЖЕҢИШ МЕНЕН КЕЛСЕ, АТАСЫ МЕНЕН АПАСЫ ТОСУП АЛБАДЫ
Согуш бүтөөрү менен эле кайтып келбегендигинин себеби да бар экен. Көрсө, Рейхстагга жеңиш желеги сайылгандан кийин, 1947-жылга чейин, немистерге сатылып кеткен орус, украин, поляк ж.б улуттардагы саткындарды кармап, жазалоого катышат. Андай саткындарды тымызын элдерден сүрүштүрүп олтуруп, таап алышчу экен. Ошентип эки жыл өтүп кетет.
Туулуп өскөн айылына кайтып келгенде атасы да, апасы да алдынан тосуп чыкпайт. Ата-апасы согушта жүргөндө эле “оо дүйнө” узап кетишкен болот. Өксүп, ыйлап, тагдырдын оор сыноосун өткөрөт. Кыдырбай агай төрт бир тууган болгон. Эжеси, карындашы, жана иниси. Эң кенже иниси Кыдырша ата, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКсынын Төрагасы, Кыргыз Эл Баатыры, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин атасы.
Тууган-туушкандары кол-кабыш кылып, Айша деген кызга үйлөнтүшүп, 4 уул, 5 кыздуу болушат. Алардан 2 уулу 1 кызы калып, калгандары каза болуп калышкан.
Согуштан келгенден кийин, 1950-жылдары, Ташкенттен милициянын жогорку окуу жайын бүтүрүп, Ош шаарында милицияда “чекист” болуп эмгектенет. Капитан наамына чейин жетип, ал кызматтан пенсияга чыгат. Андан кийин Оштогу педагогикалык институтту сырттан окуп бүтүрүп, Кайрагач деген чакан айылдагы мектепте мугалим болуп иштейт. Ал жактан Барпы айылыбыздагы Н. К. Крупская ( азыркы Т.Темирбаев ) атындагы орто мектепке которулуп, кыргыз тили жана адабиятынан сабак берип, бир топ жыл иштеген. Бир жылы Бишкек шаарында өткөн юбилейлик Жеңиш Парадына да чакырылып, катышкан. Айылдагы согуш ардагерлери менен өтө ынак болуп, тез-тез чогулушуп, согушта көргөн кыйынчылыктарын, жеңиштин келген баркын эстеп, көп олтурушчу. Фронттон аскер кийимчен түшкөн бир нече фотосүрөттөрүн да ала келген. Саргарып, эскирип кеткен ал сүрөттөр, азыр үй-бүлө архивинде таберик катары сакталуу.
ООР КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИ КАРМООДОГУ КҮРӨШҮ
Көк-Жаңгак шаарында милицияда иштеп жүргөндө, кармалбай, издөөдө жүргөн чечен улутундагы кылмышкерлерди кармаган. Түндө жумуштан чыгып, үйүнө баратса, Кыдырбай агайды милиция кызматкери экенин билишип, жок кылууну көздөшөт. Алар артынан бычак ураарда байкап калып, тизесине тээп, бирин жерге жыгытат. Экинчиси арттан келип, далысына 4 жолу бычак урат. Бычак тийген жери чыдатпай оорутканда, жыгылып баратып, жерде жаткан кылмышкерге кишендин бир жагын, өзүнүн колуна экинчи жагын салат да, эси ооп, жатып калат. Ошол убакта жолдон өтүп бараткан бир адам көрүп калып, кабар берип, ооруканага убагында жеткирип калышат. Өзү менен кошо кишенделген кылмышкер аркылуу экинчиси табылып, узак мөөнөткө соттолушат. Өзү дарыланып, айыгып чыгып, кайра кызматка киришет.
Жалал-Абад шаарында да ички иштер бөлүмүндө иштеген. “Капитан” наамын беришкенден кийин, “жашаганга үй да беребиз” дешип, борборубуз Фрунзе шаарына чоң кызматтарга чакырышат. Айылын, туугандарын таштагысы келбей, ал жакка барбаптыр.
Кыдырбай агай Ички иштер министрлигинде эмгектенген кезинде СССР Куралдуу күчтөрүнүн 60 жылдыгы”, “СССР Куралдуу күчтөрүнүн 70 жылдыгы” юбилейлик медалдары менен сыйланган.
Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн “Улуу Ата Мекендик согуштун II-даражадагы” ордени, “Жуков медалы”, “1941-1945 ж.ж. Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн”, “Советтик Армия жана флотунун 30 жылдык”, “Улуу Ата Мекендик согуштун 20,30,40,50,60 жылдык” юбилейлик медалдары менен сыйланган. Мектептеги үзүрлүү эмгеги бааланып, “Эл агартуунун отличниги” наамын алган.
2008-жылы 84 жашында дүйнөдөн өткөн.
Кайрат ИСКЕНДЕРОВ, публицист


