Териштирүү башталды
Талас райондук милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү кесиптеши аны бетке чаап, эки тишин сындырганын айтып чыкты. Тергөөчүнүн видеосу социалдык тармактарга тарады.
Кадрлардан жаңжал учурунда аял кызматкер укук коргоочунун бетине чаап жибергенин көрүүгө болот.
Талас облустук ички иштер башкармалыгы, окуя 13-июнда шаардагы наркология бөлүмүндө болгонун, бул окуя боюнча териштирүү башталганын маалымдады. ОИИБдин маалыматы боюнча, видеодогу аял — Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын кадрлар боюнча орун басары. Тергөөчү анын үстүнөн арыз жазган.
"Алар медициналык кароодон өткөрүлүп, жыйынтыгында тергөөчүнүн спирт ичимдигин ичкени аныкталды. Талас РИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары ичимдик ичкен эмес. Окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган, жыйынтыгы менен укуктук баа берилет",— деп айтылат облустук милициянын маалыматында.
Булак: "Sputnik Кыргызстан"