Акыркы суткада Казакстанда дагы 474 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.

Бир сутка ичинде бейтаптардын саны 3,0 пайызга көбөйдү.

Жаңы катталган бейтаптар:

- Нур-Султан шаарында 103 адам;

- Караганда облусунда 57 адам;

- Алматы шаарында 41 адам;

- Чымкент шаарында 37 адам;

- Чыгыш Казакстан облусунда 35 адам;

- Түркстан облусунда 32 адам;

- Жамбыл облусунда 29 адам;

- Батыш Казакстан облусунда 28 адам;

- Актөбө облусунда 27 адам;

- Акмола облусунда 20 адам;

- Атырау облусунда 17 адам;

- Түндүк Казакстан облусунда 12 адам;

- Костанай облусунда 11 адам;

- Кызыл-Орда облусунда 11 адам;

- Алматы облусунда 9 адам;

- Мангистау облусунда 5 адам.

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 16 миң 351 адамга жетти.

Булак: Баракелде