Казакстанда кечээ, 17-июнда саат 23:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 9 бейтап каза болду.
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.
Нур-Султан шаарында 1964-1952-1951-1938-1950-жылы туулган аял кишилер жана 1982-жылы туулган эркек киши, Чымкент шаарында 1979-жылы туулган бейтап, Алматы шаарында 1969-1960-жылы туулган эркек киши көз жумду. Атайын комиссия бейтаптар коронавирус инфекциясынын кесепетинен каза тапкан деп каттоо чечимин кабыл алды.
Казакстанда пандемия башталгандан бери 97 адам каза болду.
Булак: Баракелде