Акыркы сутка ичинде Казакстанда дагы 313 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.

Бир сутка ичинде бейтаптардын саны 2,2 пайызга көбөйдү. Муну менен өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 14 809 адамды түздү.

Бейтаптардын аймактардагы саны:

Нур-Султан шаарында - 77 (2,9%);
Караганда облусунда - 47 (3,2%);
Алматы шаарында - 31 (1,0%);
Батыш Казакстан облусунда - 30 (3,2%);
Чымкент шаарында - 26 (2,3%);
Атырау облусунда - 23 (1,8%);
Түндүк Казакстан облусунда - 15 (15,6%);
Актөбө облусунда - 12 (2,3%);
Түркстан облусунда - 11 (2,5%);
Чыгыш Казакстан облусунда - 10 (4,0%);
Алматы облусунда - 8 (1,6%);
Жамбыл облусунда - 8 (1,7%);
Кызылордо облусунда - 7 (1,4%);
Павлодар облусунда - 3 (0,9%);
Костанай облусунда - 2 (0,9%);
Акмола облусунда - 2 (1,0%);
Мангистау облусунда - 1 (0,3%).

Булак: Баракелде