Акыркы суткада Казакстанда 265 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Бул тууралуу бүгүн, 21-майда коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.
Оору жуктургандар 3,8 пайызга өстү.
Жаңы бейтаптар аныкталган аймактар:
- Нур-Султан шаарында 84 адам (6,4%);
- Алматы шаарында 57 (3,0%) адам;
- Атырау облусунда 24 (3,0%) адам;
- Чымкент шаарында 23 (4,7%) адам;
- Алматы облусунда 19 (8,7%) адам;
- Батыш Казакстан облусунда 13 (3,8%) адам;
- Караганда облусунда 13 (4,5%) адам;
- Кызыл-Ордо облусунда 11 (4,3%) адам;
- Павлодар облусунда 9 (5,4%) адам;
- Жамбыл облусунда 5 (2,3%) адам;
- Актөбө облусунда 2 (0,9%) адам;
- Түркстан облусунда 2 (0,8%) адам;
- Акмола облусунда 1 (0,7%) адам;
- Чыгыш Казакстан облусунда 1 (1,7%) адам;
- Мангистау облусунда 1 (0,6%) адам.
21-майга карата Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 7234 адамга жетти. Алардын ичинен 35 бейтап көз жумду.
Булак: Баракелде