Комитеттин маалыматы боюнча, жаңы катталгандардын бири сырттан барган.
Акыркы суткада Кытайда 2 адам коронавирус инфекциясы менен катталып, ошондой эле коронавирусту симптому (белги) жок алып жүргөн 31 адам аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда өлкөнүн Саламаттыкты сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Комитеттин маалыматы боюнча, жаңы катталгандардын бири сырттан барган.
Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Кытайда коронавирус жуктургандардын саны 82 967 адамга жетти. Алардын ичинен 4634 бейтап көз жумду. Ошондой эле 78 249 адам айыгып, 84 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.
Булак: Баракелде