Россиянын Мамлекеттик Думасынын алтынчы депутатынан COVID-19 инфекциясы табылды.

Бул тууралуу парламент спикеринин кеңешчиси Анастасия Кашеварова билдирди.

«Учурда Мамлекеттик Думанын алты депутатынын анализинен коронавирус табылды. Эки депутат айыгып чыкты. Экөө ооруканада жатат. Дагы экөө үй шартында дарыланууда», — деп айтылат маалыматта.

Бирок коронавируска чалдыккан депутаттардын аты-жөнү аталган эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин Мамдуманын спикери Вячеслав Володин орус парламентинин төмөнкү палатасында беш эл өкүлү коронавирусту жугузуп алганын билдирген.

Булак: Элгезит